
TМ шоу жөнүндө
2004 жылында радиого ТМ Шоу эфирде чыгып баштаган. ТМ деген Туфан менен Меликшахтын башкы тамгалары жана англис тилинде Trade Mark (копиясыны кылыш мүмкүн эмес) дегенди билдирет. Башталгычта 2004 жылында Манас радиосунда прорамма түрк тилинде чыккан. Биринчи башкы демөөрчү COCA COLA болгон. 2007 жылына чейин Manas Fm радиосунда иштеген Туфан жана Меликшах программаларынын стилини өзгөртпөстөн өз каалагандарын жасап университеттеки мугалимдердин оозуна карап иш жасабаганы үчүн радиодон чыгарылган. Manas Fm ден чыккандан кийин көп деген радиолор бул шоуду өз эфиринде чыгарууну каалаган бирок ар кандай проблемаларга байланыштуу макулдаша алышкан эмес. Туфан жана Меликшах Бишкектин биринчи жеке жана эркин радиосу Радио Алмаз менен макулдашкан. Алмаз Fm радиосунда биринчи жолу эфирге чыкканда угармандар алардын радио алмаштырганын билбегендиктен эч ким телефон чалган эмес. Депрессияга кирген Туфан менен Меликшах достору менен сүйлөшүп аларды эфирге алган. Эки айдан кийин эфирди Кыргыз тилинде алып барган жана тамашаларды Кыргыз тилинде жасаган Туфан менен Меликшахтын угармандары “очередьке” тизилип көбөйө баштаган. Анан Орто Азиянын эң жинди шоу болуп калган. TM Show-нун өзүнүн угармандары да бар. Башы жакшы иштеген, куу тамашаларды түшүнгөн, ачык көңүл тилдүү угармандар да көп.
Эгер Кыргызстанда радио тарыхы менен байланыштуу бир китеп жазылса, бул китепте радио программаларында революция жасаган TM Show-ду сөзүз жазыш керек. TM Show-дон мурда Бишкекте жөнөкой радио программалары эфирге чыгып жүргөн. Салам жолдоо жана ыр калоо программаларында эфирде кыйкырып үн чыгаруу же “натуральный” күлкү менен күлүү уят болгон. TM Show-дон кийин башка DJ программаны көчүрүп кайталоо аракетини жасашкан. Бирок алардын унутканы бы же эстегени каалабаган бир “reality” бар, ал да “эч нерсенин көчүрмөсү эч качан оригиналдын даамын бербейт” дейт.
TM SHOW ТАРЫХЫ



























