Туфан
15 жашта, дагы эле сүт ичип жүргөн кезде Туфан радиодо иштеп баштаган. Бою 1.83 см, салмагы 60 кг болгон Туфан ачка калган Африкалык негирдей көрүнөт. Көргөн адамдар бул бечарага акча берели дейт. Бирок канча арык болсо да сулуулардын арасында 1 номерди бербей ээлеп келе жатат (бул жөнүндө Меликшах менен көп урушат: “Мен сулуумун, сен 2-сиң”. деп ). Туфан өзү адамдардын эң-эң дегендеринден болот. Бул деген келбети келишкен эң сулуу жигит, эң мыкты dj, эң жакшы кийинген көйрөң жана бий десең эң жакшы бийлеген “танцполдун жылдызы”.
Радио DJ болуу анын жашоосун өзгөрттү. Анткени эгерде ал радиодо иштебесе, качан эле футболист болуп айына 40 миң доллар табып турат эле. Бирок ал бул мүмкүнчүлүктөн баш тартып радиону тандады.
Меликшахка чейин Туфан эфирге жалгыз чыгып жүргөн. Азыр болсо Меликшах менен бирге Орто Азиянын эң жинди Радио Шоусун жасоодо.
Туфан күндүз уктап, караңкы киргенде Вампир сыяктуу түңкү клубдарды кыдырат. Golden Bull анын 2-чи үйү болду. Азыр учурдагы максаты бай бир кызды табып (сулуу эмес же 70 жашта болсо деле болот) ага үйлөнүүп бай болуу.





























Комментарии
RSS лента комментариев этой записи.